Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 14:32
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Бишкекке акча табуу үчүн кеткен Кадамжай районунун 53 жаштагы тургуну дайынсыз болууда

23.08.2021 16:39
916
Бишкекке акча табуу үчүн кеткен Кадамжай районунун 53 жаштагы тургуну дайынсыз болууда

Кадамжай районунун 53 жаштагы тургуну Бишкекке акча табуу үчүн кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.


     2016-жылдын октябрь айларында Кадамжай районунун Тамаша айылынын тургуну, 1968-жылы туулган Имаралиев Эргешали Нишанович Бишкек шаарына акча табуу максатында жумуш издеп кетип, 2017-жылдан бери дайыны жок.  


     Бул факты боюнча Кадамжай РИИБнин милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.      

      Белгилери: бою 165-170см., кашы көзү кара түстө, ак жүздүү, дене түзүлүшү орто, акыл-эси соо.


     Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кишини таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.


     Байланыш үчүн номерлер (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16


         

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн