Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:15
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекке келген санавиация Чыныбай Турсунбековду алып кетмек

07.07.2020 21:44
5183
Бишкекке келген санавиация Чыныбай Турсунбековду алып кетмек


“Манас” аэропортуна келген санавиациянын атайын учагы Чыныбай Турсунбековду алып кетүү үчүн келген. Бул тууралуу ишенимдүү булактар маалымдашты.


Маалыматка караганда, учак Нюрнбергден чыгып, Бишкекке кечээ түнү конгон. Учак менен ооруканада жаткан Чыныбай Турсунбековду Германияга дарыланууга алып кетишмек. Тилекке каршы, Ч.Турсунбеков кечээ түнү каза болуп калган. 

Буга чейин  “Твиттер” колдоонуучусу:“Манас” аэропортуна санавиациянын атайын учагы келди. "Бомбардье 604" учагы COVID-19 менен ооруган бейтаптарды ташууга атайын ыңгайлашкан учак. Тактап айтканда "Тез жардам" учагы. Учак керектүү жабдуулар менен камсыздалган”, – деп билдирүү калтырган.

Ал эми социалдык тармактын айрым колдоонуучулары Бишкекке келген санавиациянын атайын учакгы мурунку президент Алмазбек Атамбаевди алып кетүү үчүн келген деген маалыматтарды жазган.

Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Чыныбай Турунбеков 6-июль түнү каза болгон. Буга чейин ал пневмония оорусуна кабылганы жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратына туташтырылганы маалымдалган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн