Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 08:13
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Бишкекте “Зордук - зомбулуксуз жашоо” деген ураан менен концерт өткөрүлдү

22.03.2022 11:26
739
Бишкекте  “Зордук - зомбулуксуз жашоо” деген ураан менен концерт өткөрүлдү

 “Зордук - зомбулуксуз жашоо” деген ураан менен концерт өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Бишкек шаарында Saferworld жана «Эл аралык толеранттулук үчүн» фондунун долбоорунун алкагында АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын ИИМ менен биргеликте “ HipTop” бий комплекси уюштурган “Зордук - зомбулуксуз жашоо” деген ураан менен концерт болуп өттү.


Катышуучулар атайын коюлган “Зомбулукту токтотуу” номерин аткарышты. Бийдин жардамы менен үч миниатюрадан үй-бүлөдө жана мектепте зомбулуктун түрлөрүн көрсөтүштү. Бул демилгеге Бишкектин ири бий студиялары да өз сөздөрү менен кошулду.

Уюштуруучулардын негизги максаты үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйлөрү жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу. Чыр-чатактарга жана зордук-зомбулукка алып келген эркектикти же аялдыкты көрсөтүү максатында жаштарга карата мамилелерге, терс стереотиптерге, бейкалыс пикирлерге жана кысымдарга каршы туруу болуп саналат. 


Уюштуруучулар өз демилгеси менен милиция менен калктын ортосундагы социалдык өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө жана зомбулук көйгөйүн чечүү үчүн жүргүзүлүп жаткан алдын алуу иш-чараларга салым кошууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн