Бишкекте 19 жаштагы кыз 5-кабаттан кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 2-февралда саат 00:30дар чамасында Бишкектин Исакеев көчөсүндө болгон.
Анда көп кабаттуу үйүнүн 5-кабатындагы батиринин балконунан 2003-жылы төрөлгөн Б.С. аттуу кыз кулап 1 кабаттагы орнотулган чатырга түшкөн.
4 куткаруучу тартылып, кызды чатырдан түшүрүп, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен. Абалы канааттандыраарлык.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн