Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:13
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Бишкекте 20 жаштагы бала каракчылыкка шектелип кармалды

19.12.2023 11:09
225
Бишкекте 20 жаштагы бала каракчылыкка шектелип кармалды


Каракчылыкка шектелген жаран кармалганын Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


3-августта милицияга арыз келип түшкөн. Арызда ошол эле күнү саат 4төр чамасында “Жаштар” сейил багында белгисиз бирөө учтуу буюм менен коркутуп, андан 50 миң сомун, 10 миң сому бар банк карталарын, 10миң сомдук «Технонова» жана «Самсунг» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун, ошондой эле ID паспортун тартып алган.


Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.


Кылмышкер делген адамдын изине Биринчи Май РИИБинин ыкчам кызматкерлери түшкөн. Ал 2003-жылы туулган К.Ж. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда. Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн