Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 20:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте 20 жаштагы кыз 3-кабаттан кулап түшкөн

Бишкекте 20 жаштагы кыз 3-кабаттан кулап түшкөн

Бишкекте көп кабаттуу үйдө жашаган кыз 3-кабаттын терезесинен кулап кеткен. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы кабарлады.


Окуя 4-май күнү саат 14:00 чамасында Манас-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдө болгон.


Тергөө-ыкчам тобу жана Биринчи Май РИИБдин жетекчилиги жеринде иш алып барышкан. Милициянын маалыматы боюнча, белгисиз жагдайда 2001-жылы туулган А.М. терезеден кулап кеткен.


Кыз Улуттук травматология жана ортопедия ооруканасына жаткырылды.


Бул факт боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн