Бүгүн, 19-июнда Бишкекте 1994-жылкы кызды поезд сүзүп кетти. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Белгиленгендей, милицияга билдирүү саат 02:30да түшкөн. Кыз алган жаратынан улам көз жумган.
Аталган факт Биринчи май райондук милициясынын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
“Кыздын өздүгү такталды. Учурда милиция кызматкерлери окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн бардык зарыл болгон тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Толук маалымат кийинчерээк берилет”, - деп айтылат билдирүүдө
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн