Бишкекте 75 жаштагы орусиялык кинорежиссер Михаил Дудников кырсыктан улам каза болду.
30-июнда журналист Елена Баялинова социалдык түйүндөрдө Дудниковду 29-июнда жөө адамдар өтүүчү жерден өтүп бара жатканда унаа сүзүп кеткенин билдирген.
Өз кезегинде Патрулдук милициянын басма сөз кызматы жол кырсыгы саат 16:40тар чамасында Жибек Жолу проспектисинин Панфилов көчөсү менен кесилишинде болгонун билдирди. Айдоочу Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып, жөө адамдар өтүүчү жерден Дудниковду сүзүп кеткен. Ал алган жараатынан улам каза болгон. Унаа айып аянтчасына киргизилди. Тергөөнүн алкагында бир катар экспертизалар дайындалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн