Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:45
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бишкекте Балдардын адистештирилген бейтапканасы ачылды

28.12.2023 09:42
380
Бишкекте Балдардын адистештирилген бейтапканасы ачылды


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.


Мекеме Бишкек, Манас проспекти, 12 дарегинде жайгашкан. Министр эне менен баланын ден соолугу саламаттык сактоо тармагы үчүн маңыздуу маселе экенин белгиледи.


"Бишкекте жашоочулардын саны өсүүдө. Мындан улам балдар стационарына кайрылгандар дагы көбөйдү. Жыл сайын сасык тумоо каптаган учурда Шаардык балдар клиникалык ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда узун кезек жаралат. Эгер бир суткада 700дөй бала кайрылса, анын 80 пайызы амбулатордук бейтаптар. Балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасынын ачылышы стационарлардын ишин жеңилдетип, узун кезекти азайтат. Муну менен иш дагы жакшырат", — деди Бейшеналиев.


Медициналык мекеменин директору Айнура Абдылдаева бейтапкана башка үй-бүлөлүк медициналык борборлор сыяктуу эле иштей турганын белгиледи. Дарыгерлер бейтаптарды күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин кабыл алышат. Ал эми сасык тумоонун сезонун эске алуу менен ишемби жана жекешемби күндөрү нөөмөттөгү дарыгерлер түшкү 14:00гө чейин иштешет.


"Биз бүгүн ачылдык. 2024-жылдын 2-январынан тарта толук кандуу ишке киришүүнү пландап жатабыз. Педиатрлардан тышкары, бизде логопед, ортопед, хирург жана невропатолог бар. Учурда балдар адистерин ишке кабыл алуу жүрүп жатат. Бизде гинеколог, ЛОР, сурдолог, логопед, невропатолог, ортопед, хирургдар иштей баштайт", — деди директор.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн