Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогунун жыйыны өтүүдө

23.05.2024 12:26
223
Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогунун жыйыны өтүүдө


Бүгүн, 23-майда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогунун жыйыны өтүп жатат.

Парламенттен билдиришкендей, жыйында санариптик, социалдык экономикалык инновацияларды илгерилетүүдө аялдардын ролу талкууланып, Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева актуалдуу тема талдалып, жалпы Борбор Азиядагы аялдардын маселеси каралып жатканын белгиледи.

“Өзгөчө ыраазычылыкты бүгүнкү иш-чараны уюштуруучуларга айткым келет. Талкууланып жаткан санариптик, социалдык жана экологиялык инновацияларды жайылтуу үчүн аялдардын лидерлиги багытындагы тема актуалдуу жана эч кимди кайдыгер калтырбайт. Борбор Азия аймагындагы мамлекеттерде мурдагыга караганда мыйзам чыгаруу жаатында аялдадын кызыкчылыгы көбүрөөк көтөрүлүп жатат. Үй-бүлөлүк зомбулук, гендердик тенчиликке байланыштуу реформалар ишке ашырылып келүүдө. Алардын бири Өзбекстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкы жолу үй-бүлөлүк зомбулукту криминалдаштарды. Бул башка өлкөлөр үчүн жакшы мисал болуп берди. Биз бул көйгөйдү чечпей туруп, аялдардын мүмкүнчүлүктөрү боюнча сөз кылууга мүмкүн эмес”,- деди Танзила Нарбаева

Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасынын орун басары Дания Еспаева салттуу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, өзгөчө аялдардын санариптик, социалдык экономикалык багыттарын илгерилетүүдөгү ролуна токтолду. “Бүгүн биз Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аялдардын экономикалык абалын жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаганы келдик. Казакстанда биринчи кезекте аялдардын экономикалык ролун жогорулатуу багытында чакан орто ишкердик чөйрөсүнө колдоо көрсөтүлүп, учурда бул тармакта алардын орду 40%га жетти. Өзгөчө аял ишкерлигин колдоо багытында өлкөбүздө 19 борбор ишке берилип, 9 минге жакын айымдар түрдүү кызматтарды алышты. Мындан тышкары аял ишкерлигин колдогон ар кандай программалар да ишке ашууда”,- деди Дания Еспаева.

Ал эми жыйындын жүрушүндө Түркмөнстан Межилисинин Илим, билим берүү, маданият жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрайымы Бахар Сейидова: “Гендердик тенчилик аялдардын туруктуу өнүгүү максаттарынын бири болуп саналат. Түркмөнстанда илимий негизделген инновациялык саясаттын негизинде мамлекеттер ичинде аялдарга түрдүү ар багыттуу колдоолор көрсөтүлүп келет. Биздин өлкөдө да аялдардын илимий техникалык дараметин жогоруталуу, инновациялык технологиялар менен камсыздоо жана илгерилетүү боюнча иш аракеттер жасалууда”,- деди ал.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын жыйынына видео конференция режиминде катышкан Тажикстан өкмөтүнө карантуу Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Фируза Нуруллозода жогорку уюшкандыкта, Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтүп жаткан жыйын үчүн ыраазычылык билдирип, Тажикстанда аялдардын социалдык-экономикалык дараметин жогорулатуу багытында жасалып жаткан иштерге токтолду. “Инновация, санариптик технологиялар аялдардын турмуштук жашоосуна өз таасирин тийгизет, анткени илим, билим берүү жана соода тармактарында алардын орду салмактуу. Тажикстандын президентинин аялдардын статусун жана ролун жогоруталуу жарлыгынын алкагында өлкөдө бир катар иш аракеттер жасалып жатат”,- деди Фируза Нуруллозода

Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасынын орун басары Дания Еспаева, Түркмөнстан Межлисинин Илим, билим берүү, маданият жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрайымы Бахар Сейидова катышууда. Ал эми Тажикстан өкмөтүнө караштуу аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Фируза Нуруллозода баштаган Тажикстандын делегациясы онлайн режиминде катышууда.

Белгилей кетсек, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидер аялдарынын диалогу региондогу аял парламентарийлердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн бейформал аянтча болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн