Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:25
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте Европа Биримдиктин Борбор Азия боюнча экономикалык форумун өткөркөрүү пландалууда

23.07.2020 13:59
969
Бишкекте Европа Биримдиктин Борбор Азия боюнча экономикалык форумун өткөркөрүү пландалууда


Борбордук Азияда COVID-19дун жайылуу кырдаалы турукташкандан кийин Бишкек шаарында Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча мүчөлөрүнүн экономикалык форумун өткөркөрүү белгиленди. Мындай демилге КР тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков менен ЕБдин Борбор Азия боюнча өкүлү П.Буриандын видеоконференция байланышында көтөрүлдү.

Жолугушууда кыргыз тарап ушул жылдын күзүндө видеоконференция форматында даярдык көрүү иш-чарасын өткөрүүнү сунуштады.

Ч.Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүнүн экономикалык кесепеттерин жеңип чыгуу, чакан жана орто бизнести колдоо, сооданы илгерилетүү, жаңы шартта калктын азык-түлүк коопсуздугун жана социалдык корголушун камсыз кылуу, ошондой эле санариптик технологияларды алдыга жылдыруу боюнча программаларды ишке ашыруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. 

ЕБ тарабынан берилген ВСП+ статусунун мүмкүнчүлүктөрүн Кыргызстандын пайдалануусунун алкагында долбоордук колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

Аягында тараптар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жана Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү/Европа комиссиясынын вице-төрагасы Ж.Боррелдин деңгээлинде 2020-жылдын 12-июнунда болуп өткөн Европа биримдигинин Борбор Азия форматындагы видеоконференция байланыштын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар талкуулады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн