Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:02
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте Италия киносунун күндөрү башталды

16.11.2023 10:15
2333
Бишкекте Италия киносунун күндөрү башталды


Күн мурун Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрында Италия киносунун күндөрү ачылып, келген конокторго "Даньте" тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет. 

Ал эми кечки саат 20:00дө театрдын кичи залында көрүүчүлөрдүн назарына "Сага чуркайм" тасмасы коюлду. Эки тасма тең орусча субтитрлери менен италия тилинде көрсөтүлгөн.

Кино күндөрүнүн расмий ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов, Италиянын Маданият министрлигинин кино жана аудиовизуалдык искусство башкы башкармалыгынын атайын долбоорлордук жетекчиси Роберто Стабиле катышты.

Бүгүн, 16-ноябда саат 12:00дө "Орландо", саат 14:30да Ipersonia тасмасы көрсөтүлөт. Эки тасма тең "Ала-Тоо" кинотеатрынын кичи залында коюлат. Кирүү акысыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн