Бишкекте контролдук-кассалык машина (ККМ) системасы менен иштөөгө каршы болгон соодагерлер митингге чыгышты.
Павильон ээлери президенттин администрациясынын имаратынын алдында турушат. Митингге болжол менен 100дөй адам топтолгон. Алар ККМ менен эсеп-фактураны жоюп салууну талап кылышууда.
Соодагерлердин алдына Бажы кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов чыкты. Бирок топтолгондор аны уккусу келбей министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чыгышын талап кылышууда.
Булак: Sputnik агенттиги
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн