Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:45
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкекте Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө

22.11.2024 11:14
25
Бишкекте Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө


100 жыл аралыгында ар кандай тарыхый шарттарда прокуратура органы мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга, жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого, укуктук мамлекетти калыптандырууга өзүнүн салымын кошуп келе жатат. Бул тууралуу Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгына арналган мааракеде башкы прокурор Максат Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, прокуратура органдарынын алдыга койгон максаттары Баш мыйзамда так белгиленген.

"Конституцияда прокуратура органдарынын багыты, пландары так жана туура көрсөтүлгөн. Биздин эң негизги максатыбыз мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү. Коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү. Коомубузда болуп жаткан коррупцияга байланыштуу терс көрүнүштөргө, кылмыштуулукка каршы күрөшүү прокуратура кызматынын эң негизи милдеттеринин бири", - деди Максат Асаналиев.

Белгилей кетсек, бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө. Иш-чарага президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.

Эске салсак, Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн кийин 1924-жылдын 22-ноябрында кыргыз прокуратура органы негизделген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн