Бугу 22, 2025
Убакыт: 15:53
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

Бишкекте Кыргыз-сауд ишкерлер кеңешинин жыйыны өттү

22.05.2025 12:05
21
Бишкекте Кыргыз-сауд ишкерлер кеңешинин жыйыны өттү


Бишкекте Кыргыз-сауд ишкерлер кеңешинин 2-жыйыны өттү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. 


Маалыматта белгиленгендей, иш-чарага катышууга Сауд Аравиянын ири компанияларынын 35 өкүлү келди. Делегацияны Сауд-өнөр жай палатасынын жетекчиси Хасан Моажеб Аль-Хувайзи жетектеди.


Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин айтымында, бул иш сапар жогорку деңгээлдеги акыркы келишимдердин түз уландысы. Сауд Аравия Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө кылдат байкоо салып, инвестиция салууга даяр. Сауд Аравия энергетика, курулуш, айыл чарба, туризм тармактарында кызматташууга кызыкдар. 


Өз сөзүндө Аль-Хувайзи эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын тереңдетүү, инвестиция жана соода үчүн жаңы горизонтторду ачуу каалоосун баса белгиледи.


Жолугушууларда бизнес өкүлдөрү кеңири чөйрөдөгү долбоорлорду тартуулашты. Соода-өнөр жай палатасы форум масштабдуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыктын башталышы экендигин, Кыргызстан тышкы экономикалык байланыштарын ишенимдүү жана амбициялуу түрдө кеңейтип жатканын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн