Бугу 07, 2024
Убакыт: 21:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Бишкекте “Кыргызстандагы саламаттык сактоо жумалыгы” эл аралык форуму ачылды

02.04.2024 20:00
247
Бишкекте “Кыргызстандагы саламаттык сактоо жумалыгы” эл аралык форуму ачылды


Бишкекте 2синен 4-апрелге чейин өтүүчү “Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо жумалыгы” эл аралык конгресс-көргөзмө форуму өз эшигин ачты. 

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагындагы жыл сайын өтүүчү негизги иш-чара – MedExpo Kyrgyzstan 2024тун ачылыш аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков, Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Араббоев Абдугани Абдулхамид угли, Кыргызстандагы Америка соода палатасынын аткаруучу директору Айсулуу Сыдыгалиева, Россия Федерациясынын соода өкүлү Саманов Айнур Шамилевич жана башка медицинанын ар кандай тармагындагы адистери катышты.

Медицина тармагы боюнча Борбор Азиядагы беш ири көргөзмөнүн бири болгон бул иш-чара саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер үчүн негизги окуя болуп саналат.

Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө саламаттыкты сактоо жарандардын физикалык бакубаттуулугу үчүн мамлекеттин камкордугун гана билдирбестигин баса белгиледи.

"Адамдын ден соолугун коргоо – ар бир мамлекеттин туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги фактору. Биздин ар бирибиздин өмүрүнүн узактыгы жана калктын жалпы өндүрүмдүүлүгү практикалык медицинаны жана фармакологияны өнүктүрүүдөгү кесипкөйлүккө жараша болот. Бишкектин медицина тармагындагы көргөзмө индустриясынын регионалдык флагманы болуп жатканы менен сыймыктанабыз, ал саламаттыкты сактоо системасын жакшыртууга, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынынмедицина рыногунда заманбап диагностикалык жана дарылоо ыкмаларынын пайда болушуна өбөлгө түзөт". 

MedExpo Кыргызстан 2024 – бул өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасынын сапаттуу жана натыйжалуу иштөө маселелерин талкуулоо үчүн медициналык адистерди, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, бизнес чөйрөлөрдү жана коомчулукту бириктирүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. 

Мындан тышкары форум тажрыйба алмашуу, ата мекендик жана чет элдик акыркы жетишкендиктер менен таанышуу, ошондой эле ишкердик байланыштарды жана маанилүү келишимдерди түзүү үчүн уникалдуу аянтчаны түзөт. Көргөзмөнүн жүрүшүндө катышуучу компаниялар инновациялык медициналык жабдуулардын кеңири спектрин, диагностика, хирургия жана реабилитация үчүн жабдууларды, ошондой эле медицинанын бардык багыттары үчүн башка продуктыларды жана кызматтарды тартуулашат. Бул келген коноктор үчүн медицина тармагындагы акыркы жетишкендиктер менен таанышууга жана пайдалуу бизнес байланыштарды түзүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк.

Жыл сайын салттуу түрдө көргөзмөлөр КР өкмөтүнүн, Саламаттык сактоо министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, С.Б. Данияров атындагы кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу мамлекеттик медициналык институтунун, Америкалык соода палатасынын (AmCham) колдоосу менен өткөрүлөт.

Быйыл биргелешкен көргөзмөгө 10 өлкөдөн 80ден ашык компания катышат: Беларусь, Италия, Пакистан, Польша, Россия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Япония, ошондой эле Россия Федерациясынын Новосибирск облусунун Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин жамааттык стенддери жана Беларусь Республикасынын “Белфармпром” холдингинин стенди түзүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн