Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран Октябрь райондук милициясы тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.
Кылмышкы шектүү жаран 2021-жылдын 14-январында шаар тургунуна 1200 долларга Латвияга виза жасатып берем деген шылтоо менен акча алып качып кеткен.
Анын үстүнөн арыз түшүп, милиция 1992-жылы туулган шектүү С.У. атуу жаранды кармаган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн