Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:23
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте Орто-Сай базарынан өрт чыкты

15.01.2023 12:45
222
Бишкекте Орто-Сай базарынан өрт чыкты

Бишкектеги Орто-Сай базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 15-январда саат 02:38 чамасында Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан Орто-Сай базарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Жерине өрт өчүрүүчүлөр тартылып, саат 03:37де өрт чектөөгө алынып, саат 05:10до толук өчүрүлдү.


Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 180 чарчы метрди түзгөн жашылча-жемиш сатуучу жай жана эт сатуучу 6 даана желим материалдан курулган павильон, муздаткыч, отургучтар күйгөн.


"Эт сатуучу павильондун ички түштүк – чыгыш тарабы, сырткы түндүк – түштүк жана чыгыш тарабында жайгашкан соода оорундар, павильондор өрттөн сакталган", - деп белгилешти ӨКМден.


Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн