Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 09:19
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун XXII жыйыны өтүүдө

25.07.2024 11:18
442
Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун XXII жыйыны өтүүдө


"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун XXII жыйыны башталды.

Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлору, андан тышкары ШКУ катчылыгынын, ШКУнун терроризмге каршы аймактык түзүмдөрүнүн жана эл аралык прокурорлор ассоциациясынын жетекчилери катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө Россия, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Иран, Беларустун башкы прокурорлору, ошондой эле ШКУ катчылыгынын, ШКУнун терроризмге каршы аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилери баяндама жасашат.

Жыйын "Заманбап дүйнөнүн шарттарында жана санариптештирүү доорунда прокуратуранын ролу: жаңы коркунучтарга каршы турууда жана адам укуктарын камсыздоодо ШКУ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы" деген темага арналган.

Катышуучулар ШКУга мүчө өлкөлөр туш болгон заманбап коркунучтарга каршы туруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды талкуулап, тажрыйба алмашат, ошондой эле санариптештирүү шартында адам укуктарын камсыз кылуу боюнча биргелешкен стратегияларды иштеп чыгышат.

Белгилей кетсек, жыйын Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүүдө, бул аймактагы мамлекеттердин астындагы актуалдуу көйгөйлөрдү жана чакырыктарды чечүүдө өлкөнүн ролун белгилейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн