Бишкекте кызды зордуктоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине Э.А. аттуу жаран Б. аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен 14-июндан 15-июнга караган түнү Токтогул жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде унаасы менен анын эркине каршы жыныстык катнашка барууга аракет кылганын айтып кайрылган.
Бул факты боюнча РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренеси (кылмыш жасоого аракет кылуу) жана 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам-иликтөө кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган Б.Б. аттуу жаран кармалган.
Шектүү Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Айрым маалымат каражаттары кармалган жаран Жаратылыш министрлигинин Биоресурстар департаментинин мурдагы жетекчиси экенин, ведомстводон билдиришкендей, ал апрель айында кызматтан кеткенин жазып чыгышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн