Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 20:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте Жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин III жыйыны өттү

28.06.2022 13:12
461
Бишкекте Жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин III жыйыны өттү


Бүгүн, 28-июнда Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстандын Жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин үчүнчү жыйыны өттү.

Эдил Байсалов жаштар саясатынын абалына токтолуп, мамлекет жаштарда дүйнө жүзү боюнча талап кылынган заманбап көндүмдөрдү жана сапаттарды өстүрүү үчүн адамдык капиталга инвестиция саларын баса белгиледи.

“Азыр биз үчүн жаштардын өлкө жетекчилигинин артыкчылыктуу багыттарын колдоосу маанилүү. Биз жаштарга иштөөгө шарт түзүп, билим беришибиз керек. Бул жөн гана диплом алуу эмес, бул - көндүмдөр, чет тил, жана жаңы технологиялар. Жаштар өзүн ишенимдүү, атаандаштыкка жөндөмдүү сезиши керек. Ал эми биз өспүрүмдөргө жана балдарга инвестиция салууга бардык күчүбүздү жумшайбыз”, - деди Байсалов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн