Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 11:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бишкекте адам өлтүрүүгө аракет кылган жаран кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө аракет кылган жаран кармалды


Бишкекте адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июнда болжол менен саат 01:07 чамасында “102” кызматына Жибек-Жолу жана Буденный көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде жарандар урушуп, бычак менен сайып салды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлери кафеде эс алып отурган жарандар өз ара урушуп, бири экинчисине бир нече ирет бычак сайып салгандыгын такташкан. Алган жараттан улам 29 жаштагы Д.Д., аттуу жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген.

Кылмышка шектүү делип 34 жаштагы А.Р., аттуу жаран кармалып, Свердлов райондук милициясынын Тергөө кызматына андан ары чара көрүү үчүн жеткирилген.

Бул факты Свердлов райондук милициясы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн