Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 04:33
USD
87.40
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.028
1.065

Бишкекте адам уурдоого шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

28.05.2024 11:39
216
Бишкекте адам уурдоого шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды


Бишкекте адам уурдоого шектүү 27 жаштагы Ж.А. кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, ал бир жылдан бери издөөдө жүргөн.


«2023-жылдын 1-июлунда милицияга жаран арыз менен кайрылып, И аттуу адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, ошол эле жылдын 28-февралында Совмин кичи районунда аны уурдап, шаардын сыртына алып чыгып, сабап жана 370 миң сомун тоноп кетишкен», - деп айтылат маалыматта.


Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренеси боюнча катталган. Шектүү издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген.


Бир жылдан кийин ал адам кармалып, борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн