Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 00:22
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Бишкекте адамдарды коркуткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

09.05.2022 19:35
1410
Бишкекте адамдарды коркуткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасында адамдарды коркуткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.



 КР УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында өзгөчө оор кылмышка шектелип, мурда тергөө органдарынан жашырынып жана 2022-жылдын 30-апрелинен бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.


 2022-жылдын 9-майында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасынын аймагынан КР УКМК кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү З.у.Т. кармалды.


 Маалым болгондой, кармалган жаран жергиликтүү элди коркутуп-үркүтүү максатында өзүнүн уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен ырайымсыз ыкмаларды колдонуп Жалал-Абад облусунун М.К.М. аттуу тургунунун ден соолугуна оор залал келтирген.

 

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн