Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:47
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Бишкекте атайын сайтта иштеп, жаш баланы порнобизнеске тартууга шектүү кармалды

22.03.2024 16:03
251
Бишкекте атайын сайтта иштеп, жаш баланы порнобизнеске тартууга шектүү кармалды


Борбор калаада порнографиялык сайттарды иштетип, жаш баланы порнобизнеске тартууга шектелген жаран кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.


Мындай кылмыштын бетин ачуу операциясы Интерполдун Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте Нидерланд жана Норвегия полициясынын көмөгү менен жүргүзүлгөн.


"Балдардын сексуалдык зомбулуктарын камтыган материалдарды сактоо жана жайылтуу фактылары ачык түрдө веб-сайтта жана даркнетте аныкталган. Ошондой эле балдар катышкан порнографиялык мазмундагы сайттар түзүлүп, таратылып жаткан. Сайттарга кирүү үчүн криптовалюта менен төлөп, накталай акча алуу Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен ишке ашып турган", — деп айтылат маалыматта.


Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесине (Баланы порнобизнеске тартуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Натыйжада 35 жаштагы Н.М.Т. аттуу жаран кармалды.


Милициянын маалыматы боюнча шектүүнүн жашаган жеринен техникалык жабдуулар, персоналдык компьютерлер жана ага тиешелүү тетиктер табылган. Бир компьютеринен балдар катышкан порнографиялык материалдарды камтыган файлдар да аныкталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн