Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 15:34
USD
84.85
85.35
EUR
92.60
93.60
RUB
0.875
0.920

Бишкекте автобустун айдоочусу 18 жаштагы кызды сүзүп кетти

Бишкекте автобустун айдоочусу 18 жаштагы кызды сүзүп кетти


Бүгүн Бишкекте автобус 18 жаштагы кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык болжол менен саат 10:00дөр чамасында болгон. Анда 1964-жылы туулган айдоочу Д.К. Чүй проспектиси менен чыгышты көздөй бара жатып жөнгө салынбаган жөө өтмөктөн 18-20 жаштардагы кызды сүзүп алган.

Натыйжада жөө жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, бардык экспертизалар дайындалды.

Автобус айып төлөнбөгөн унаа токтотуучу жайга токтотулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн