Бишкекте банктын терминалын уурдашкан деп айыпталып жаткан 3 адам үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты Бишкек шаардык комендатурасынын маалымат кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, көчөгө коюлган терминалды ичиндеги акчалары менен кошо уурдап кеткен 3 шектүү Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарлган.
Эскерте кетсек, 6-апрель күнү Абдрахманов көчөсүндөгү аялдамада жайгашкан банк терминалы уурдалган. Кийин ага шектелип, 3 адам кармалган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн