Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 22:34
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекте банктан 8 млн сомдон ашуун каражатты уурдап кеткендер кармалды

04.06.2024 10:24
207
Бишкекте банктан 8 млн сомдон ашуун каражатты уурдап кеткендер кармалды


Бишкекте банктан 8 млн сомдон ашуун каражатты уурдап кеткендер кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-июнда банктардын биринин өкүлү Ленин РИИБге акча каражаттарын белгисиз адамдар мыйзамсыз чыгарып кеткендиги тууралуу арызы менен кайрылган. Натыйжада банкка жалпы суммасы 8 млн 28 миң 289 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Бул факт Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Т.Т. жана 1984-жылы туулган Б.М. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн бири жогоруда аталган банктын кызматкери экени жана ал жеке кызыкчылыгын көздөп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталды.

Ошондой эле учурда алардын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар-жогу тактоо боюнча. тергөө иштери уланууда.

"Урматтуу жарандар, эгерде сиздер кылмышкерлин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз, төмөнкү телефон номурларына кайрылыңыз: 0(708) 84-40-080(702) 84-29-11(702) 84-29-110(707) 55-77-87 же 102", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн