Бишкек шаарында батирден 68 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү саат 09:40да куткаруучулар Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан №173/5 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1952-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн