Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте батирлерге уурулукка кирген жарандардан баңгизат табылды

Бишкекте батирлерге уурулукка кирген жарандардан баңгизат табылды

Бишкекте батирлерде уурулук кылууга шектелип эки жаран кармалды. Алар мурда да ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон жарандар болгон. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Ушул жылдын 25-июнунда Т.М. аттуу жаран милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, ошол эле күнү таңкы саат 05:30 чамасында «Көк-Жар» конушунда жайгашкан жер үйүнө ууру кирип, үйдөн 1 млн 200 сом акчасын уурдап кеткендигин билдирип, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.


Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.


Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1988-жылы туулган Ч.З. жана 1986-жылы туулган К.Н. кармалып, Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилген.


Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда кылмышка шектүүлөрдүн унаасынан медициналык беткаптар, кол каптар, шаймандар, «Слава» үлгүсүндөгү алтын кол сааты жана 2,5 граммды түзгөн апийим табылган.


Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн