Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:45
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте белгисиз алты адам жашы жете элек өспүрүмдү уурдап, сабап кетишкен

05.09.2023 12:01
276
Бишкекте белгисиз алты адам жашы жете элек өспүрүмдү уурдап, сабап кетишкен


Бишкекте белгисиз алты адам жашы жете элек өспүрүмдү уурдап, сабап кетишкен. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.


Маалым болгондой, 3-сентябрь күнү С.Ш., РИИБге белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтымында, ошол күнү түнкү саат 00:00дөр чамасында Садырбаев менен Валдайская көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек уулун күч менен унаага салып, белгисиз тарапка айдап, андан сырткары сабап, андан соң из жашырып кетишкен.


Тергөө кызматы "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.


Көп өтпөй кылмышка шектүүлөр аныкталып, кармалгандар — 2004-жылы туулган Э.Э., 2004-жылы туулган Т.Д., 2004-жылы туулган Б.К., 2000-жылы туулган М.Б., 2005-жылы туулган К.Н., 2004-жылы туулган Н.О. Алар Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн