Кулжа 15, 2025
Убакыт: 03:45
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Бишкекте бокс боюнча эл аралык турнир башталды

30.04.2025 10:10
1147
Бишкекте бокс боюнча эл аралык турнир башталды


Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык бокс турнири башталды.


Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, турнирдин салтанаттуу ачылыш аземине аталган агенттикттин директору Айбек Абдымомунов, Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы Умөтаалы Кыдыралиев жана бокс федерациясынын өкүлдөрү катышты.


Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Германия жана Испаниядан келген 150 спортчу катышууда. 


Турнир 3-майга чейин уланат.


Боксчулар төмөнкү салмактык категорияларда күч сынашууда:


48 кг, 51 кг, 54 кг, 57 кг, 60 кг, 63,5 кг, 67 кг, 71 кг, 75 кг, 80 кг, 86 кг, 92 кг жана 92 кгдан жогору.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн