Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 00:06
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте ишкерлер дагы 5 күндүзгү стационар ачышат

06.07.2020 17:35
1186
Бишкекте ишкерлер дагы 5 күндүзгү стационар ачышат


Аз убакта Бишкек шаарында дагы кошумча күндүзгү стационарлар ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди. 


Анын айтымында, алардын демилгесин бизнес  өкүлдөрү колдоого алды.  Стационарлардын дареги: 


1. Свердлов районунда, "Дордойдун" жанында. Ишкер Аскер Салымбеков баардыгын өз мойнуна алып жатат.


2. 1-Май районунда, "Елизавета" ЖЧКсы. "Кудайберген" базары жакта. Суракматовдор баардыгын өз мойнуна алышат.


3. Ленин районунда. "Ош" базары тарапта. Ишкер Болот Бегалиев баарын өз мойнуна алат.


4. Октябрь районунда. "Тунгуч" кичи району жактагы "Аю холдинг" ишканасы. Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов баарын өз мойнуна алышат.


5. Ленин районунда, Дастан Жумабеков баарын өз мойнуна алып атат.


"ӨКМдин шаардык, райондук бөлүмдөрү, шаардык саламатттык сактоо башкармачылыгы жардам берет. Баардыгы15 күнгө ачылат. Ар ким келип кеңеш алып, укол жана асма укол алып кете алат. Дары-дармекти ала келгиле. Калганы бекер. Бизнестин өкүлдөрүнө чоң рахмат", - дейт Түлөбаев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн