24-августта "Баткен" кафесинен чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан К.к.А. аман-эсен үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16 жаштагы кыз 25-август күнү кечки саат 21:00 чамасында өзүнүн үйүнө кайтып келген.
Милиция кызматкерлери 2005-жылы төрөлгөн кыздын ата-энесине жана кызга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн