Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте дем алыш күндөрү кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

26.01.2024 10:10
137
Бишкекте дем алыш күндөрү кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт


Бишкек шаарында 27-28-январь күндөрү кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.


Билдирмеге ылайык, жарманке саат 08:00дөн 18:00гө чейин болот.


Иш-чаранын максаты – ата мекендик өндүрүүчүлөргө, агроөнөр жай ишканаларына жана жеке ишкерлерге айыл чарба продукцияларын сатууга шарт түзүп, шаар тургундарына азык-түлүктөрдү дүң баада жеткирүү.


"Жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп турат. Катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчүлөр 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып толук маалымат алса болот", — дешти министрликтен.


Жарманкенин дареги: Биринчи май району, Киев — Раззаков көчөлөрүнүн кесилиши.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн