Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:30
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Бишкекте эки диний балдар лагеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

11.07.2024 13:27
176
Бишкекте эки диний балдар лагеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду


Бишкек шаарынын аймагында эки диний балдар лагеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан мыйзамсыз диний ишмердүүлүккө каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкекте эки диний балдар лагеринин көмүскө ишмердүүлүгү аныкталып, аларга бөгөт коюлду.

Аталган мекемелер өз ишмердүүлүгүн КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөстөн жүргүзгөндүгү аныкталып, анда 6-17 жаштагы 110 бала (балдар жана кыздар) билим алган.

Жашыруун лагерлердин уюштуруучусу КР жараны А.А.А.. Ал 1992-жылы Тажикстанда туулган.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө аталган лагерде санитардык-эпидемиологиялык нормаларды, билим берүү программаларын ж.б. сактоо боюнча мыйзам бузуулар аныкталды.

Учурда аталган балдар диний лагеринин ишмердүүлүгү токтотулуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Маалымат үчүн: "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" КР мыйзамынын 5-беренесинин 4-пунктуна ылайык, балдарды диний уюмдарга тартууга жол берилбейт.

УКМК ата-энелерге балдарын ар кандай диний мекемелерге, анын ичинде балдардын диний лагерлерине берээрден мурун КР мыйзамдарына ылайык диний объекттин иштешин камсыз кылууну эскертет. Ал эми тергөө аяктагандан кийин уюштуруучулардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн