Чын курандын 22, 2025
Убакыт: 17:15
USD
87.00
87.50
EUR
99.90
100.90
RUB
1.065
1.095

Бишкекте эне-балдардын өлтүрүлүшү. Сот Чынтемир Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча чечимди күчүндө калтырды

15.01.2024 19:35
394
Бишкекте эне-балдардын өлтүрүлүшү. Сот Чынтемир Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча чечимди күчүндө калтырды


Бишкек шаардык соту эне-балдарды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.


Бүгүнкү соттук отурумда кылмышкердин райондук соттун өкүмүнө карата даттануусу канааттандырылган жок.


Эске салсак, 2023-жылдын февраль айында 5-кичи райондо 51 жаштагы Алтынай Канзаманова өз үйүндө 17 жаштагы кызы жана 9 жаштагы уулу үчөө өлтүрүлгөн. Кылмышка шектелип 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Октябрь райондук соту айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн