Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 23:44
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Бишкекте эркек киши кызга кол салып, 90 миң сому менен телефонун уурдап кеткен

17.01.2024 09:27
341
Бишкекте эркек киши кызга кол салып, 90 миң сому менен телефонун уурдап кеткен


Каракчылыкка шектелген жаран кармалганын Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


25-декабрда милицияга бир кыз арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү түнкү саат 2лер чамасында Астраханская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан бейтааныш адам физикалык күч колдонуп, анын сумкасын тартып алган. Анда 90 миң 500 сом жана 10 миң 800 сомдук Redmi маркасындагы уюлдук телефон болгон.


Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.


Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган С.М. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн