Бишкекте “Lexus LX 570” унаасы менен кафенин дубалын сүзүп жана ичине кирип кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу кайгуул милициясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Жол кырсыгы 7-июлда саат 15:45те Веселый жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуя болгон жерден айдоочу изин жашырып кетип калган.
Кайгуул милициясы тарабынан айдоочу кармалып, ал 1989-жылы төрөлгөн А.А. экени аныкталган. Жолтандабас айып короосуна жеткирилип, аталган факт боюнча протокол түзүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн