Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте кайрадан Конституциялык өзгөртүүлөргө каршы жөө жүрүш өттү

06.12.2020 13:39
554
Бишкекте кайрадан Конституциялык өзгөртүүлөргө каршы жөө жүрүш өттү


6-декабрда Бишкекте Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы активисттердин жөө жүрүшү кайрадан өттү.  Ушундай эле жүрүш бир жума мурун дагы болгон.


Активисттер темир жол станциясынын жанына чогулуп, Ала-Тоо аянтына чейин келишкен. Ушундан кийин алар тарап кетишкен.


Жүрүштүн катышуучусу Зульфия Кочербаеванын айтымында, Баш мыйзамга кабыл алынган өзгөртүүлөр калктын социалдык аялуу катмарына коркунуч жаратат.  Маселен, сунушталып жаткан долбоордо балдар эмгегине тыюу салынган эмес.


Анын айтымында, бул процесс мыйзамдуу жол менен өтүп, жалпы элдин ишенимине ээ болушу керек.


Балдар укугун коргоочулар лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова айткандай, биздин негизги байлыгыбыз адам укуктарын коргогон мыйзамдар.


«Ошондой эле биз Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү светтик принциптерди алып салууну, адам укуктарын коргогон беренелерди алып салууну каалап жаткандыгына тынчсызданып жатабыз.  Биз өлкөдө болуп жаткан процесстерге каршы экенибизди көрсөтүү үчүн митингге барууну чечтик», - деди ал.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Бийлик айтканын кылат.Убарагерлик.