Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:56
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте кыргыз-герман биринчи бизнес форуму өттү

14.06.2022 08:02
1055
Бишкекте кыргыз-герман биринчи бизнес форуму өттү

Кыргыз-Герман Ишкер кеңешинин түзүлүшү эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана финансылык кызматташтыкты чыңдоодо натыйжалуу кадам болот. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз-Герман Ишкер кеңешинин биринчи кеңешмесинде билдирди.


Ал белгилегендей, бир жыл мурда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан эки өлкө ишкерлеринин ортосундагы өз ара мамилелерге жаңы дем берүүгө багытталган Кыргыз-Герман Ишкер кеңешин түзүү демилгеси колдоого алынган.


«Биздин алдыбызда амбициялуу милдеттер коюлган. Министрлер Кабинети диалогго жана кызматташууга ачык. Биз экономиканын бардык тармактарында ири жана орто долбоорлорду изилдөөнү жана ишке ашырууну сунуштайбыз жана ар бир чет элдик инвестор жана ишкер менен иш алып барууга умтулабыз. Биз ар бир долбоорду башынан аягына чейин коштоого даярбыз. Тиешелүү министрликтер жана алардын жетекчилери инвесторлор менен түз иштешип, аларга жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр», - деди Акылбек Жапаров.


Министрлер Кабинетинин башчысы кошумчалагандай, Ишкерлер кеңешинин алкагында кызматташуунун келечектүү багыттары катары финансы секторунда, өнөр жайда, агроөнөр жай комплексинде жана анын кооперациясында, өз ара жана тышкы соодада, техникалык жөнгө салууда, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар чөйрөсүндө, транспорт жана инфраструктура, эмгек ресурстары жана кесиптик билим берүү жаатындагы кызматташуу саналат. Буга катар ал KFW жана Deutsche Bank сыяктуу каржы институттарын Ишкер кеңештин германиялык бөлүгүнүн курамына киргизүүнү сунуштады.


«Германиялык тарап менен соода жана инвестициялык чөйрөлөрдө, өзгөчө учурдагы реалдуулукта кызматташууну өнүктүрүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар. Биздин өлкөгө Европа Биримдиги тарабынан берилген жеңилдиктердин жалпы тутуму (ВСП+) статусунун негизинде Германия Федеративдүү Республикасы менен соода кызматташтыгы Кыргыз Республикасы үчүн жагымдуу болуп саналат. Экспортту илгерилетүү жаатында да, атап айтканда, органикалык азыктар боюнча белгилүү жыйынтыктар бар. Акыркы жылдары кургатылган мөмө-жемиштер, тактап айтканда, кара өрүк жана жаңгак экспорттолууда», - деди Акылбек Жапаров.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн