Бишкек шаарындагы №17 оорукана дезинфекциялоо үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бейтапкананын төрт кызматкеринен коронавирус илдети табылган. Мындан улам мекеменин башкы имараты жабылган.
Руспубликалык ыкчам штабдын билдирүүсүнө караганда 17-апрелде COVID-19 вирусуна чалдыкккан медиктердин жалпы саны 116га жетти. Ал эми өлкөдө бул илдеттен жабыр тарткандардын жалпы саны 489.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн