Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Бишкекте коменданттык сааттын тартибин бузган 100 адам кармалды

26.03.2020 08:41
685
Бишкекте коменданттык сааттын тартибин бузган 100 адам кармалды


Бишкек шаарында 26-мартка караган түнү коменданттык сааттын алгачкы күнү өтүп, эрежени бузган 100 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, тартипти бузгандар милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Аларга мыйзам чегинде чаралар көрүлүп жатканы айтылды.


Ошондой эле, комендантык саатта шаардын ичинде 70 кайгуул автоунаасы кыдырып жүрөрү белгилүү болду. 


Эске салсак, өзгөчө абал учурунда көчөгө дүкөндөн азык-түлүк, дарыкандан дары-дармек алууга гана чыгууга уруксат берилген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн