Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:40
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Коменданттык сааттын тартиптерин бузгандар ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилет

24.03.2020 13:10
795
Коменданттык сааттын тартиптерин бузгандар ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилет


Коменданттык саат киргенден кийин шаар тургундарынын кыймылы чектөөгө алынат. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев айтты.


Анын айтусуна карганда коменданттык саат тууралуу так көрсөтмө жок.


“Өзгөчө абал учурунда жарандар үйлөрүндө болуулары керек, жана борбор калаанын көчөлөрүндө басууга чектөө коюлат. Шаар тургундары өздүгүн тастыктоочу документтерди ала жүрүлөрү керек, ал эми тартип сакчылар шаарды күнү-түнү кыдырып текешерип турат. Коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар коменданттык бөлүмдөргө жеткирилет”, - деген Орозалиев.


Маалым болгондой, өзгөчө абал учурунда көчөгө дүкөндөн азык-түлүк, дарыкандан дары-дармек алууга гана чыгууга уруксат берилет. Коменданттык саат учурунда коноко барып, той-аш уюштурганга болбой турганы кабарланды.


Эске салсак, Бишкек шаарында 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн