Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 08:54
USD
85.35
85.85
EUR
92.40
93.40
RUB
0.870
0.910

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузган курулуш компанияларына айып салынды

19.07.2024 16:38
253
Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузган курулуш компанияларына айып салынды


Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузган 8 курулуш компаниясына 161 миң сом айып салынды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Алсак, "Памир Строй" , "Маэстро Кей Джи" жана "Стандарт Строй" ЖЧКларына жанаша аймагынын санитардык тазалыгын сактабагандыгы үчүн 13 миң сомдон айып салынды.

"Монолит Строй" жана "Девелопмент " ЖЧКларынын атайын техникалары дөңгөлөктөрүн жуубастан курулуш аянтынан чыгып, жолдун өтүүчү бөлүгүн булгаган. Аларга салынган айып пулдун суммасы - 34 миң сомду түздү.

Өсүп турган бакты зыянга учураткандыгы үчүн "Ислам Курулуш" компаниясына 17 миң сом айып салынган.

Курулуш таштандыларын белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн “Ригель” ЖЧКсы айыпка жыгылды. Айып пулдун суммасы 17 миң сомду түздү.

"Аманат Строй Инвест" курулуш компаниясына 30 миң сом айып салынды.

Мэрия бардык жеке жана юридикалык жактар Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузбастан, аларды сактоосу керектигин эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн