Учтун айы 09, 2025
Убакыт: 13:21
USD
86.85
87.35
EUR
89.50
90.50
RUB
0.800
0.880

Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекетке алынды

08.01.2025 17:52
71
Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекетке алынды


Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекеттин кирешесине алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтан белгилешкендей, 20 сотых жер тилкесин мыйзамсыз алуу фактысы аныкталып, учурда ал жерге социалдык, маданий-тиричилик объектилери, жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 10 кабаттуу турак жай курулуп жатат.

Белгилегендей, жер тилкелерин алгач жеке адамдарга берүү учурунда мыйзам бузуулар болгон.

Мындан улам, колдо болгон материалдарды колдонуу менен курулуш компаниясы курулуп жаткан имараттан жалпы аянты 897 чарчы метр (баасы 89 млн 367 миң сом) 15 батирди мамлекетке өткөрүп берди, аталган үйлөрдүн курулушун аяктоо 2027-жылдын 1-жарым жылдыгына пландаштырылган.

Азыркы учурда УКМК тарабынан мамлекеттик мүлктү жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз өткөрүп берүү жана сатып алуу сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иштер улантылып, укукка каршы жосундарды жасоого көмөк көрсөткөн кызмат адамдары жана башка адамдар такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн