Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 23:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте курулуш компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды

29.01.2021 12:49
704
Бишкекте курулуш компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды


Курулуш компаниялардын биринин директору алдамчылыкка шектелип  кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


"22-октябрда  А.Н. аттуу  жаран курулуш компаниясынын директоруна алданып калганына байланыштуу ал кишиге  чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.  Компаниянын жетекчиси аны көп кабаттуу турак үйдүн курулушуна үлүшчү кылууга убада берген. Арыз ээсинен 50 миң доллар алып  үч бөлмөлүү батир сатып алуу үчүн келишим түзгөн. Бирок ал келишим жасалма болуп чыккан" ,- деп жазылат билдирүүдө.


Бул кылмыш иши бирдиктүү реестрге катталып, алдамчылыкка шектүү катары 51 жаштагы Б.У аттуу жаран кармалган.


Ал кишинин үстүнөн дагы 9 арыз келип түшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн