Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:55
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте милиция кызматкерлери уурулукка аракеттенген жаранды изи сууй электе кармады

17.03.2022 13:42
784
Бишкекте милиция кызматкерлери уурулукка аракеттенген жаранды изи сууй электе кармады

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери уурулукка аракеттенген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


2022-жылдын 14-март күнү Борбордук көзөмөл түйүнү аркылуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн кайтаруусунда турган, үйлөрүнүн биринен Айгай белгиси түшкөн. Маалыматты Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн кармоо тобунун экипажы алаар замат, экипаж жогоруда көрсөтүлгөн дарекке жетип барышканда, жашы 30-35 чамасындагы азият улутундагы жаран дубалдан секирип чыгып качкан, артынан кармоо тобунун экипажынын улугу жана милиционер автоматчысы экөө артынан кууп жетишип, кылмыш изи сууй электе кармашкан. 


Ошол учурда, алыстан шектүү кочкул-кызыл түстөгү ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү автоунаа күн батыш тарапка катуу айдап кеткени байкалган. Азыркы учурда Октябрь РИИБнин кызматкерлери тарабынан айланадагы видео байкоолорду карап шектүү деген автоунага багыттама берүү иштери жүргүзүлүүдө. 


Кылмышка шектүү деп кармалган жаран үйдүн светин өчүрүп, сигнализациянын сиренасын талкалап, терезе аркылуу кирүүгө аракет кылганда коогалаң белгиси иштеген. Бөлүмдүн нөөмөткери тарабынан 102 кызматына билдирилип, үйүнүн ээси чакыртылган. Окуя болгон жерге Октябрь РИИБнин тергөө тобу келип, үйдүн ээси С.А. менен биргеликте текшерүү учурунда үйдүн ичинен эч нерсе жоголбогону такталган. 


Кылмышка шектүү деп кармалган жаран Жалал-Абад областынын Аксы районунун тургуну 1989-жылы туулган С.А. уурдоого аракет кылуу фактысы менен кармалып, Октябрь РИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн