Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте милициянын подполковниги пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкекте милициянын подполковниги пара алып жаткан жеринен кармалды

 Бишкек шаардык Ленин РИИБ 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


    Маалыматка караганда,  УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында Ленин райондук ИИБ 1-ШМБ башчысы милициянын подполковниги Ч.А. пара алып жаткан жеринен кармалды, анын аракеттеринде жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган. 


 2022-жылдын 25-августунда Ч.А. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

   

  Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн