Теке 01, 2024
Убакыт: 16:12
USD
86.10
87.00
EUR
92.30
93.30
RUB
0.975
1.030

Бишкекте мушташа кетип адамды бычактап өлтүрүүгө шектелип эркек киши кармалды

Бишкекте мушташа кетип адамды бычактап өлтүрүүгө шектелип эркек киши кармалды


Мушташа кетип адамды бычактап өлтүрүүгө шектелип эркек киши кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, милицияга 28-июнь күнү таңкы саат 5:23тө Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.


"Жерине барган ыкчам топ 34 жаштагы С.А. аттуу кишинин сөөгүн табышкан. Денесинен бычак сайылган, кескиленген тактар аныкталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.


Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 27 жаштагы М.К. аттуу жаран кармалганы кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн